Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Айыл турмушу: 12 балалуу болгон Б.Абдымамбетова 26 небере, 14 чөбөрө көрүп, бактылуу карылыктын доорун сүрүүдө (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Бурулбүбү Абдымамбетова 15 жашында турмушка чыгып, 12 балалуу болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бурулбүбү Абдымамбетова жакында эле Кыргыз Республикасынын президентинин демилгеси менен 2012-жылдан бери жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнүнө карата «Асылзат нуру» коомдук фондусунун төрайымы Ж.Сыдыкованын буйругу менен «Асылзат нуру» төш белгиси менен сыйланды.

«Баатыр эне» орденинин ээси Бурулбүбү Абдымамбетова 1941-жылы 9-майда Тогуз-Торо районундагы Кош-Булак айылында туулган. Атасы Абдымамбет колхозчу болгон. Апасы Токтобүбү балдарын тарбиялап үйдө отурчу. Бурулбүбү апаны 2 жашынан Токтобүбүнүн сиңдиси Сейилбүбү багып келген. Бурулбүбү апа мектепти жалаң «5» деген баада окуп, келечегинен көптү үмүттөндүргөн кыз болуп чоңоёт. Жогорку билимдүү болууну самаган Бурулбүбү Абдымамбетованын апасы Сейилбүбү 7-класстан кийин окутпай коёт, ал кезде замандын талабы ошондой болгон. Мектептеги класс жетекчиси Сайра Исаева Б.Абдымамбетованын апасына келип, «бул заман өтөт, билимдүүлөрдүн заманы келет, кызыңды окут» дегенине да карабай жибербей коёт.

Оокатка тың, жашоого бүйрө 15 жаштагы Бурулбүбүгө жуучулар түшө баштайт, бирок апасы аларга да бербей коёт. Көп өтпөй сыртынан көз чаптырып жүргөндөр ала качып кетет. Ошентип «кыздын бараар жери күйөө» дегендей Жумгалдын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Молдалы Казыбековго турмушка чыгат. Муну уккан класс жетекчиси жашы жете элек кызды ала качты деп милицияга арыз жазат. Аны уккан Молдалынын туугандары кыз-күйөөнү башка жакка качырып жиберишет. Ошентип өмүрлүк жары Молдалы менен түтүн булатып жашап калган.

Молдалы Казыбеков Кызыл-Жылдыз колхозунда тракторист болуп иштеп, жубайы Бурулбүбү да колхозчу болуп эмгектенген. Экөө 12 балалуу болуп, аларга билим тарбия берип, эрезеге жеткиришти.

Молдалы Казыбеков 51 жашында дүйнө салып, Бурулбүбү апа 45 жашында 10 баласы менен жесир калган. Турмуштун тегирменине жакшы эле чайкалып, бирок өзү беттеген максатынан кайткан эмес. Өзүм окубасам да балдарымды окутушум керек деп, балдарын окутуп, ар кесиптин ээси кылды.

«Балдарым Алмазбек, Каныбек инженер, Гүлсайра дарыгер, Бүбүсайра бухгалтер, Талант, Гүлназ мугалим, Салтанат экономист-менеджер, Тыныбек искусство жаатында, Ринат фермер, Мээрим журналист — ар бир балам ар тармактын ээлери. Эне үчүн балдарынын жакшы чыкканы баа жеткис бакыт эмеспи. Азыр небере-чөбөрө жытын жыттап, балдарымдын кашында отурам. Учурда 10 балам, 26 небере, 14 чөбөрөм бар», - деди Б.Абдымамбетова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1916
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×