Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Кочкордо согуштун ардагери Ж.Акматов 96 жашында дүйнө салды (фото)

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Теңдик айылынын тургуну Жумадил Акматов 96 жашында дүйнө салды.

Жумадил Акматов 1922-жылы Теңдик айылында бай-манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Айылдагы Калинин атындагы орто мектебине кирип, 1937-жылы 5-классты аяктаган. 1938-1941-жылдары Кочкор районунун комсомол уюмунун секретары болуп иштеген.

1941-жылы 25-октябрда аскерге чакырылып, 1942-жылдын февраль айына чейин Орто-Токойдо аскердик машыгуудан өткөн. Андан соң, бир ай Алматанын Таштак деген аянтчасында бир айлык машыгуудан өткөн. 1942-жылдын март айында Ыраакы Чыгышка курал-жарак алып келүүгө жөнөтүлгөн. Ал тапшырманы ийгиликтүү аткарган соң апрель айында Воронеж шаарын коргоого жөнөтүлгөн.

Жумадил Акматов 1942-жылы август айында Сталинграддагы салгылашууда контузия алып, Туладагы госпиталда дарыланган. Кайрадан согушка кирип, 1943-жылы май айында оорусу күчөгөндүгүнө байланыштуу кайтып келген.

Согуштан кийинки жылдарда Талаа-Булак айылында селсоветтин төрагасы, Көк-Жарда, Соң-Көл, Теңдик колхоздорунда агроном болуп эмгектенген. 1960-жылы оорусуна байланыштуу 1-топтогу майып болуп эс алууга чыккан. Согуштагы эрдиктери үчүн « Жуков» медалы, «Каармандыгы үчүн» медалы, «Улуу Ата Мекендик согуштун» 1-2-даражадагы ордендери, юблейлик медалдар менен сыйланды.

Жумадил Акматов эки уулдун атасы. Анын сөөгү бүгүн, 4-майда жерге берилет.

Кочкордо азыр согуштун эки катышуучусу бар. Алар — Кош-Дөбө айыл аймагынан Токтомуш Акматов, Теңдик айылынан Нуркожо Исабаев.

Тема боюнча: Ак-Талаадагы согуштун жалгыз ардагери А.Баатырбеков 93 жашында дүйнө салды (видео, фото)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 501
×