Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 03.05.2018 09:37

Кочкордо бир түндө 3 тургундун короосунан мал уурдоого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда бир түндө 3 тургундун короосунан мал уурдаган 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 21-март күнү Кочкор РИИБге Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын 47 жаштагы К.А., 45 жаштагы К.И. жана 72 жаштагы Б.Б аттуу тургундары арыз менен кайрылган. Алар 17-апрелден 18-апрелге караган түнү үчөөнүн бирден баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдиришкен.

Жогорудагы фактылар боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кочкор районунун Кара-Саз айылынын 19 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалып, ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×