Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Кош-Дөбөдө жол жээгиндеги үйлөрдүн алдына жыгач тосмолор орнотулууда (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү турак үйлөрдүн алдына бирдей жыгач тосмолор орнотулууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн бюджетинен арткан каражаттын эсебинен жыгач тосмолор жасалып, борбордук көчөнүн жээктериндеги үйлөрдүн алдына орнотулууда.

«Айыл тургундары тосмолордун ар бир даанасын 250 сомдон сатып алууда. Жол жээги бирдей тосмо менен тосулса айылыбыз көрктүү боло түшмөк», - деди Т.Абыкеев.

Өткөн жылы аталган айылда жол жээгине карагайдын көчөттөрү тигилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1093
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×