Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.04.2018 14:12 На русском

Кызыл-Жылдыз айылындагы мүрзөнү суу каптады (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы мүрзөнү суу каптап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Рахат Дооронбеков бүгүн, 22-апрелде билдирди.

Анын айтымында, айылдагы суу ага турган арыктар өз убагында чабылып, тазаланган эмес. Ошондой эле суу агып өтө турган арыктардагы көпүрөлөрдүн ичи таштандыга толуп калып, суу ашып жатат. Учурда айылдагы бала мүрзөнү суу тегиз каптап, чоң адамдардын денеси жашырылган күмбөзгө жетип калды.

Ал эми айыл аксакалдары айыл өкмөт элди ишембиликке жана арык каздырууга чыгарууну уюштурбагандыгын айтып, күнөөлөп жатышат.

«Арыктар казылып бүтпөй, көпүрөлөрдүн ичи таштандыга толуп жатса, арыкка суу коё беришкен. Учурда арыктардан ашкан суу мүрзөлөрдү каптап жатат, бала мүрзөнүн үстүн тегиз каптап бүтүптүр. Айыл өкмөттөгүлөр эмнени карап, кандай даярдык көрүп жатышат? Айыл өкмөт башчыбыз ушул жерден күн сайын унаасы менен өтөт», - деди пенсионер Айганыш Жапарова.

Бул боюнча айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаевге кайрылсак, анын бул боюнча маалыматы жок болуп чыкты.

«Кайсы мүрзөнү суу каптап жатыптыр? Чоң арык бизге карабайт, ал арыктар райондук суу чарба башкармалыгына карайт. Мүрзөнүн үстүндөгү мечитке баруучу жолго көпүрө курушкан. Ошону туура эмес салып коюшуптур. Ал эми ички арыктар чабылган, көпүрөгө бир нерсе туруп калышы мүмкүн. Мен мурапты жибердим», - деди айыл өкмөт башчы Б.Кыдырмаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×