Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баракелде 16.04.2018 15:46 На русском

Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажыратылды

Turmush -  Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» партиясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ыйгарым укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга анын Казакстандын жараны экени тууралуу документтер келип түшкөнү себеп болгон.

Мындай чечим бүгүн, 16-апрелде БШКнын мүчөлөрүнүн отурумунда кабыл алынды.

БШКнын шайлоо уюштуруу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Т.Айтикеевдин айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарына депутат Дамирбека Асылбек уулунун башка өлкөнүн жараны экени тууралуу маалыматтар жарыялангандан кийин БШК тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөткөн.

Кыргызстандын ИИМнин маалыматы боюнча, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусунун тургуну жана Казакстандын жараны экенин расмий түрдө билдирген. Ошондой эле, аталган депутатта 2020-жылга чейин жаркатуу эки өлкөнүн паспорту бар экени да белгилүү болгон.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланган. Ошондой эле, ал Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти.

--------------------------------------------------------------------

Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2018-жылы 15-16-февраль күндөрү Улуттук коопсуздук жана улуттук бюро комитетинин көзөмөл органы бажы тармагындагы коррупцияны, ошондой эле өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуулукту токтотуу максатында Алмата, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алмата шаарында чоң масштабдуу операция жүргүзгөн.

«Казинформ» маалымат агенттигинин акыркы маалыматы боюнча, Кыргызстандын камактагы 3 жараны Алмата шаардык сотунун санкциясы менен эки айга камакка алынды. Шаардык соттун маалыматына караганда, алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин 3-бөлүгү (мамлекеттик милдет аткарып жаткан ыйгарым укуктуу кызматкерлердин Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар же башка предметтерди ташуусу) жана 264-берененин 2-бөлүгү ( улуттар аралык уюшкан топко же улуттар аралык кылмыштуу топко катышуу) боюнча айыпталып жатат.

Кийинчерээк депутат Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экенин тастыктаган документтерге ээ экенин расмий органдар маалымдаган. Бул маалыматты «Казинформ» басылмасы Казакстандын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаевге шилтеме берип жарыялады.

«Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин камакка алынган депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусундагы Кордай районунда туулган, улуту боюнча казак. Жашы жеткенден кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Казакстандын жараны тууралуу паспорт алган», - деди Алмас Садубаев.

Анын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу 2010-жылы паспортунун жарактуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кайрадан Казакстандын жараны тууралуу өздүгүн аныктаган документ алган. «Тиешелүү органдарга Казакстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу кайрылган эмес. Учурда бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат», - деп кошумчалады А.Садубаев.

Бул тууралуу нота да келгени маалымдалып, бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев АКИпресс агенттигине маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу кайрылбаганын маалымдаган.

Кийинчерээк Казакстанда камакка алынган трансулуттук кылмыштуу топ оң көрсөтмө берип жатканы тууралуу «КТК» телеканалы маалымдады. Алардын арасында Кыргызстандын да жарандары бар.

Телеканал шектүүлөрдү кармоо жана сурак учурундагы видеокадрларды көрсөттү. Ал эми кармалгандар күнөөсүн мойнуна алып, аткезчилик товарларды чек арадан өткөрүүгө колдоо көрсөтүү менен ири суммада акча алып турган жетекчилеринин ысымдарын атаган.
Бирок Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны деген маалыматтарды атасы четке каккан. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×