Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 16.04.2018 15:25

Ат-Башы районунда 40 даана түнкү чырактар орнотулду

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда 2900 адам масштабдуу ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ат-Башы районунда чоң масштабдагы ишембилик өтүүдө, ага тартылгандар райборбордо жайгашкан «Кошой» стадионун жана дамбанын жээктерин, токойлорду тазалашууда. Ошондой эле, райондогу 1 км 200 метр жерге 40 даана түнкү чырактар орнотулуп, 9,2 км арыктар тазаланып, 420 метрдей штакетниктер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

«Бүгүнкү күнгө район аймагынан 315 тонна таштанды чыгарылды же болбосо болжолдуу наркы 145 миң сомду түзгөн жумуштар аткарылды.

Буга чейин Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан районду жашылдандыруу-көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланган. Аталган ишембилик үч айлыктын жана өкмөттүн "Таза жашоо" долбоорунун алкагында өтүүдө. Март айынан бери ар жуманын жума күндөрү район эли ишембиликке чыгышууда. Ал эми бүгүн масштабдуу өткөрүлдү. Мындан тышкары көчөттөрдү отургузуу, актап-сырдоо иштери да аткарылууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×