Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 16.04.2018 12:47

Жаш талант: Музыкалык аспаптарда ойногон Элнура сынактарга катышып, кол өнөрчүлүк менен алектенет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын жаш тургуну Элнура Эрмек кызы ырдоо, бийлөө жана сүрөт тартуу боюнча кароо-сынактарга катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш таланттын айтымында, кичинекей кезинен бери ырдоого кызыгып, эки жылдан бери комуз чертип, ямахада ойнойт. Ал мындан тышкары кол өнөрчүлүк менен да алектенип келет.

«Кичинекей кезимден бери эле ырдоого, бийлөөгө кызыгып келем. Учурда окуудан тышкары ийримге катышып, комуз черткенди жана ямаха ойногонду мугалимим Мээрим эжейден кенен үйрөнүп жатам. Үйрөнгөндөрүмдү концерттик иш-чараларда аткарып жана кароо-сынактарга катышып келем.

Мындан тышкары кол эмгек ийримине барып, Нүргүл эжейден түймө түйгөндү үйрөндүм. Жасаган кол эмгектеримди ата-энеме, туугандарым менен досторума белек кылып тартуулап келем. Ал эми сүрөт тартканга дагы бала кезимен бери кызыгып, көбүнчө мультфильм каармандарын тартам», - деди ал.

Элнура Эрмек кызы үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Ал Токтомуш Адраңов атындагы орто мектебинин 6-классында окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×