Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Жумгалда 26 жаштагы жигиттер көзү өткөн классташтарынын жаркын элесине арнап футбол уюштурушту (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында жаш уландар уюштурган кичи футбол оюну болуп өттү. Бул тууралуу жаш активист Эркинбек Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, айылдын 1992-жылкы уландары өздөрүнүн көзү өтүп кеткен классташтарынын жаркын элесине арнап кичи футбол мелдешин уюштурушкан. Ага жалпы 17 команда катышып, күч сынашты. Мелдештин башында бул дүйнөдөн өтүп кеткендердин арбагына багышталып куран окутулду. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду айылдын 2000-жылкы уландары алса, 2-орунду 1991-жылкы балдар, ал эми 3-орунду 1994-жылкы уландар алып, байгелер ыйгарылды.

Бул мелдештин жалпы байге фондусу 80 миң сом болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1139
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×