Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Нарын суусуна боюн таштап, өз жанын кыюуга аракет кылган энени куткаргандар сыйланышты (фото)

Turmush -  Нарында сууга агууга аракет кылган 78 жаштагы эненин өмүрүн сактап калган жергиликтүү тургун менен милиция кызматкери Нарын ОИИБ тарабынан сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 16-апрелде Нарын ОИИБдин имаратында Нарын ОИИБдин өздүк курамынын катышуусунда сыйлоо аземи өтүп, 78 жаштагы эненин өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн айдоочусу, милициянын ага сержанты Асанбеков Жаныбек Асанбекович жана жергиликтүү тургуну Шакеналиев Жыргалбек Жээналиевич Нарын ОИИБдин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Окуя тууралуу

Нарында сууга агууга аракет кылган 78 жаштагы эненин өмүрүн шаардык тургун менен милиция кызматкери сактап калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаарынын 45 жаштагы тургуну Жыргалбек Шакеналиев билдирди.

Анын айтымында, 10-апрелде эртең менен саат 9:00 чамасында жумушка бара жатып, Нарын суусунда аккан карыяны көрүп, аны куткарууга аракет кылган.

«Эртең менен жумушка базарды көздөй бара жаткам. Нарын суусунда бир апа агып баратыптыр. Дароо эле аны куткарууга аракет кылдым. Кошунам милиция кызматкери болчу. Ал дагы келип жардамдашып, экөөлөп карыяны чыгарып алдык», - деди ал.

Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн айдоочусу, милициянын ага сержанты Жаныбек Асанбеков сууга аккан Нарын шаарынын 78 жаштагы тургунун куткарып, тез жардам кызматын чакырышканын билдирди.

«Кечээ нарядда болчумун. Эртең менен саат 9:30 чамасында кезектеги суткалык нарядды өткөрүп коюп, үйүмө келе жаткам. Менин үйүм Нарын суусунун жээгинин жанында жайгашкан. Суунун 5 метр шар аккан жеринде кошуна байке агып жатканын көрдүм. Карасам, кызыл көйнөкчөн тирүү бир адамды суудан тартып чыгарып жатыптыр. Дароо чуркап барып жардамдашып, ал адамды суудан чыгардык. Ал Нарын шаарынын 78 жаштагы тургуну экен. Апанын колу-буту үшүп калыптыр, дароо тез жардам жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн атайын ыкчам кызматкерлерин чакырдым. Тез жардам кызматынын дарыгерлери апага биринчи медициналык жардам көрсөттү», - деди ал.

Милициянын маалыматына караганда, 10-апрелде саат 9:25 чамасында Нарын РИИБдин айдоочу милиция кызматкери, милициянын ага сержанты Жаныбек Асанбеков 102 кызматына чалып, Нарын шаарынын Боогачы көчөсүндө жайгашкан автобазанын тушундагы Нарын суусунда болжол менен 75-80 жаштагы карыяны сууда агып бара жаткан жеринен куткарып калгандыгын билдирген.

Окуя болгон жерге Нарын ШИИБдин кызматкерлери барып, 1940-жылы туулган Нарын шаарынын К.И. аттуу тургуну белгисиз себептерден улам өзүн-өзү өлтүрүү максатында Нарын суусуна түшүп кеткендигин аныкташкан.

Ал эми К.И. милиция кызматкерлерине үйүнөн чыгып, Нарын суусунун жээгине барып, ойлонуп отурганын, андан соң өзүн жаман сезип, өзүн-өзү өлтүрүү максатында сууга түшкөнүн билдирген. Анын мындай аракетине эч ким күнөөлүү эместигин кошумчалаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5521
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×