Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Ак-Талаанын мугалимдери Аймактарды өнүктүрүү жылына карата кароо-сынакка түшүштү (видео, фото)

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ак-Талаа районунун орто мектептеринин мугалимдери арасында «Ааламга баруучу жол — айыл мектептеринен башталат!» аттуу кароо-сынак өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 13-апрель күнү облустук билим берүү бөлүмүнүн жобосуна ылайык, райондогу бардык орто мектептердин жана билим берүү борборунун мугалимдери арасында сынак өтүп, ал Коңорчок айылында, Тоголок Молдо айылында жана Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө ишке ашырылды.

Сынактын негизги максаты — жалпы билим берүүчү мектептердеги жана мектепке чейинки мекемелердеги окуу, тарбия иштерин жакшыртуу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу, билим берүү кызматкерлерин чыгармачылыкка шыктандыруу.

Сынактын жүрүшүндө саламдашуу, өнөр ээси, аймактарды өнүктүрүү боюнча мугалимдин турмушу, улуттук жана заманбап бий аткаруу, эстрадалык ырларды аткаруу тапшырмалары аткарылды. Сынактын жыйынтыгында Коңорчок айылында өткөрүлгөн сынакта Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин мугалимдери, Тоголок Молдо айылында өткөрүлгөн сынакта Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектеби жана маданият үйүндө өткөрүлгөн сынакта Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдери жеңүүчү аталып, 30-апрелде өтө турчу финалга жолдомо алышты.

Райондон жеңген команда 1-майдан 18-майга чейин облустук деңгээлде өтө турчу сынакка катышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2138
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×