Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 13.04.2018 20:12

Ат-башылык мугалимдер Нарын казыятынын иши менен таанышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 21 мектептин жетекчилери Нарын казыятынын ишмердүүлүгү жана Нарын медресесинин иши менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын казыятынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 12-апрелде Ат-Башы районунун айылдарынын мектеп директорлору, орун басарлары болуп жалпы 21 агартуучу Нарын казыятына жана Нарын медресесине иш сапар менен келишти. Казыят жана медресе тарабынан аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашышты. Ошондой эле, окуучулар тарабынан даярдалган программага күбө болушуп, медресенин мүдүрү Баатыр Жакыповдун лекциясын угуп, ой бөлүшүштү. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшөнбек Дөөткулов жакшы пикирин билдирип, мугалимдерди коштоп келген Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахировго жана казыяттын, медресенин жамаатына ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×