Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Айыл турмушу: Элеттик ишкер Бакберди эмерек жасоочу цех ачып, жердештерин заманбап буюмдар менен камсыздоодо (фото)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагына караштуу Лахол айылынын 25 жаштагы тургуну Бакберди Эсенгул уулу өз күчү менен айылда эмерек жасоочу цехти иштетип жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бакберди бул устачылык ишти баштаганына быйыл 2 жыл болот. Учурда айылдык кеңештин депутаты да болуп иштейт. Ал Кыргыз улуттук агрардык университетин бүтүрүп, Бишкек шаарындагы чоң эмерек чыгаруучу цехтерде иштеп, бир топ тажрыйба топтогондон кийин кичи мекенине кайтып келген. Андан соң, чакан ишкана ачуу менен айыл элинин эмерек жактан муктаждыктарын камсыздап келет.

«Эмеректердин бааларын элет элине ылайыкташтырып, Бишкек шаарындагы эле бааны койгом. Идиш аяк койгуч гарнитурун 12 миң сомдон жасасам, уктоочу бөлмөнүн эмереги 28-30 миң сомго чейин бааланат. Андан тышкары отургуч, стол, сыналгы койгуч, кийим илгичтер 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин бааланат. Башында майда-чүйдө үй оокаттарын жасасам, бүгүнкү күндө чоң эмеректерди жасап, кыздардын себине берилүүчү буюмдарга чейин буйрутмаларды ала баштадык. Бардык материалдарды Бишкек шаарынан алып келебиз. Каражат топтоп, 100 миң сомдун тегерегинде эмерек жасай турган жабдыктарды алгам. Азыр иштерибиз жакшы», - деди Б.Эсенгул уулу.

Анын айтымында, өзүнүн тар бөлмөсүндө иш жүргүзүүгө мүмкүн болбой калган. Себеби, анын колунан чыккан буюмдарга кызыгып, чоң эмеректерге буйрутма бергендер көп. Мындан улам ишкер кенедей ишканасын кеңейтүүнү көздөгөнү менен ага мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Буга байланыштуу жогорку жактарга кайрылып, долбоор да жазып көргөн, бирок андан жаш ишкер үчүн оң майнап чыккан эмес.

«Азыр чакан цехибиз тар болгондуктан аны кеңейтип алууга шартыбыз болбой турат. Бүт материалдарды шаардан, Нарындан алып келип курап жасоого көп убакыт жана чыгым кетет. Түшкөн каражат менен үй-бүлө бакканга шүгүр кылам. Бирок айылда жумушсуз жүргөн жаштар көп, аларды иш менен камсыз кылсам дейм. Бирок цехти кеңейте албай келем. Мага окшогон жаңы иш баштаган ишкерлерди колдогон атайын программа болсо же өкмөттөн көңүл бурулса жакшы болмок. Айылга үстөк пайызы төмөн насыялар дагы, долбоорлор дагы келбей калды», - деди ал.

Бакберди өмүрлүк жары менен бирге алгачкы наристесин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 897
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×