Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Жаш талант: Робот-манипулятор жасаган Асылбек республикалык сынакта Нарындын намысын коргойт (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылындагы Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Асылбек Эсенгул уулу Нарында өткөрүлгөн «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу облустук сынагынын «Робототехникалар жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясында 1-орунду алып республикалык сынакка жолдомо алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыздын билдиргенине караганда, бул сынакка бир жума калганда өзү ойлоп тапкан аппаратты жасап чыккан.

«Бул сынак жыл сайын өтүлүп келет. Быйыл аталган сынак Нарын облустук балдар билим берүү борборунда өттү. Сынакка 2016-жылы да катышып, Чолпон-Ата шаарында 3 күн болгонбуз. Быйыл аталган сынак Нарында өрөөндүк, райондук, облустук деңгээлде болду. Бул баскычтардын баарын басып өтүп, республикалык сынакка жолдомо алдым. Сынакка робот манипулятор алып бардым. Жасаган ишим завод-фабрикалардагы жумуштарды жеңилдетүү менен бирге курулуш жумуштарды да аткара алат. Ошондой эле, адамдардын күчү жетпеген жумуштарды бир кыйла жеңилдетет. Робот-манипуляторду жасоо үчүн бир жума убакыт короттум жана анын өзгөчөлүүлүгү — пульттун башкаруусу менен буюмдарды эңкейип кыпчып алат жана өйдө көтөрүп буралат да эңкейип жерге таштап салат», - деди ал.

Асылбек 14-17-май күндөрү Ош шаарында өтө турган республикалык сынакта облустун намысын коргойт. Ал келечекте режиссер, оператор, монтажер жана актёр болууну көздөп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1630
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×