Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Быйыл адамзаттын космоско учканына 57 жыл болду

Turmush -  Быйылкы жылы адамзаттын космоско учканына 57 жыл болду. Алгачкы косманавт Юрий Гагарин 1961-жылы космодромго келип, ракетаны ааламга алып чыгуучу жабдуулар жана «Восток» космос корабли жасалган заводунда, космодромдо толук сыноодон өтөт. Башкы конструктор С.П.Королев учууну 12-апрелде (Москва убактысы боюнча саат 09:07) бекитүү жөнүндө мамлекеттик комиссиядан өтүнгөн.

Комиссия «Восток» космос кораблинде биринчи болуп ага лейтенант Юрий Гагарин уча турганын жарыялаган. Беш мүнөттүк даярдыктан кийин учуунун алдындагы буйруктар берилип, ракета старт аянтынан акырын бөлүнгөн. Юрий Гагарин ошол заматта Королевдун «кеттик» деген үнүн угуп, «жөнөдүк» деп жооп кайтарган.

Космостон кайтып келгенден кийин Юрий Гагарин мындай деп эскерет: «Ажайып мындай кооздукту мен мурда көргөн жок элем. Эч нерсеге салыштырууга болбойт. Түс менен ыраңдын не бир жумшак түрлөрүн көрдүм. Жомоктогудай кооздукту сүрөттөп айтууга сөз чабалдык кылат. Космостон жер укмуштай көк жашыл болуп, кубулжуп көрүнөт тура.

«Восток» кораблинде бир гана мен учкан жокмун, бул менин үлүшүмө гана таандык нерсе эмес, ал биринчи кезекте илимпоздорубуздун, конструкторлорубуздун, инженер-техниктерибиздин, жумушчуларыбыздын, жалпы элибиздин эмгеги».

Бир сааттан ашыгыраак убакыт өткөндөн кийин «Восток» корабли кайрадан Жерди көздөй багыт алып, Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан бир колхоздун талаасына келип конгон. Ошентип, 1961-жылдын 12-апрелинде адам баласы үчүн космоско ачылган жол түбөлүк болуп калды. Мурдагы «Восток» кораблинин ордуна улам жаңы өркүндөтүлгөн кораблдер космоско учуусун улантышты. Адамзат чабытын кеңейтип жаңы эраны баштаган учкуч жылдыздар аралык галактиканы басып өтүп, ааламдын улуу саякаты башталгандыгын айкындады.

Ал эми адамдар космос тууралуу 2-кылымдан баштап эле ойлоно баштаган. Ошол учурда Лукиан деген грек адамы жасаган канаттары менен айга учуп барган киши жөнүндө жазыптыр. Андан кийин 1400 жылдай космос тууралуу ойлогондор тууралуу маалымат жок. 620-жылдары Мухаммед пайгамбар Бурак деген атын минип, мираажга көтөрүлгөнү айтылат. Мирааж — көтөрүлүү, көккө чыгуу дегенди туюндурат. Мусулмандарда мирааж адамдын космосту өздөштүрүү мүмкүндүгү катары түшүндүрүлүп келе жатат. Мындан 3000 жыл мурда белгилүү италиялык астроном Галилей телескоптон карап башка планеталар бар экенин айткан.

1364-жылы немис астроному Иоган Кепплердин айга баруу жөнүндөгү аңгемеси жарык көргөн. Ал айды өзү да телескоп аркылуу изилдеген. 1640-жылы англиялык епископ Уилкисондун космоско баруу жөнүндөгү китеби чыккан. Китебинде айдын физикалык абалын сүрөттөп, кандайдыр бир шарттан кийин адамдар ал планетада жашай ала тургандыгын баяндаган. Ракетаны болсо космостук корабль катары жазган биринчи адам Сирано де Бержерак болгон. Ал китебинде саякатчылардын ай менен күнгө ракета менен баргандыгы жөнүндө жазган.

Жогорудагы китептер жазылган убакта адамдар космоско барууга болорун элестетишкен да эмес. Кийин 1865-жылы француз жазуучусу Жюль Верндин «Жерден айга» деген китеби жарык көргөн. 1901-жылы англиялык жазуучу Герберт Уэлпс «Айдагы алгачкы адамдар» деген китебин жазган. Ал эми кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенкожоев Улуу Ата Мекендик согуштан мурда эле «Үчүнчү шар» деген чыгармаларында айдагы жашоону сүрөттөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 537
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×