Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

А.Осмокеев Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы орто мектебинин директору болду (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин директору болуп Осмокеев Алмазбек Алымкулович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Мамбетов кол койгондугун, башкы адис Айнагүл Ашыралиева билдирди.

А.Осмокеев 1977-жылы Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында төрөлгөн. 1994-жылы А.Табалдиев атындагы орто мектебин аяктаган. 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика жана электроника факультетин аяктаган.

2002-жылы Нарын мамлекеттик университетинин электроника кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 2003-2011-жылдары НМУнун агрардык-техникалык факультетинин деканынын орун басары, 2005-жылы Э.Ибраев атындагы орто мектебинин физика сабагынын мугалими, 2012-2015-жылдары мектеп директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 2015-жылдан баштап директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп келген.

Бир уул, эки кыздын атасы. Жубайы Саякбек кызы Перизат англис тили боюнча мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1015
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×