Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Лахол айылында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту чагылдырган жашоо сүртүмдөр көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылынын Кылыч Рысмендиев атындагы орто мектебинде окуучулар тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту чагылдырган жашоо сүртүмдөр көрсөтүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага аталган айылдын аксакалдар кеңеши, социалдык кызматкерлер, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн адистери жана мектеп окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышты. Аларга сценкалар коюлуп, зордук-зомбулукка кабылган балдардын жана ата-энелердин милдеттери терең иликтенип, анын жүрүшүндө «Балалык бактылуу болууга тийиш» аталыштагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана суицид фактыларын алдын алуу максатында уюшулган иш-чараларга активдүү катышкан окуучуларга райондук ички иштер бөлүмүнүн мактоо баракчалары ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 769
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×