Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Айыл турмушу: Саламаттыкты сактоонун отличниги М.Мусаева 40 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет (фото)

Turmush -  Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын балдар оорулар бөлүмүнүн балдар дарыгери Мунара Мусаева 40 жылдан бери медицинага тармагында эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Саламаттыкты сактоонун отличниги Мунара Мусаева бала кезинде дарыгер болууну кыялданып, бүгүнкү күнү максаты орундалып, артына татыктуу дарыгерлерди тарбиялап калтырууда. Алгач орто медициналык окуу жайын андан соң Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын артыкчылык диплом менен аяктаган.

Эмгек жолун Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын балдар оорулар бөлүмүнөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин балдар менен иштешип келет. 40 жыл медицина тармагынын жүгүн көтөрүп келе жаткан педиатр ары кызыктуу, ары татаал кесипти тандап алганына эч качан өкүнбөйт.

«Балдар бөлүмүндө учурда 25 койка иштеп келет. Сезондук оорулар учурунда бейтаптар батпай калган учурлары болот. Ага карабастан дарыгерлер бир айласын табууга аракет жасайбыз. 10 жылдан ашуун бөлүм башчы болуп иштеп келдим. Жаш дарыгерлер өсүп келе жатат, аларга орун бошоттум. Азыр акыл-насаат, тажрыйбаларымды үйрөтүп, кызматымды дарыгер катары улантып келем», - деди М.Мусаева.

Мунара апа учурда 60 жашта, үй-бүлөлүү 5 баланын мээримдүү энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1431
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×