Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Ак-Талаанын өнөрпоздору «Ак-Талаа таланттары» аттуу чоң программадагы концерт коюшту (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү тарабынан «Ак-Талаа таланттары» аттуу чоң программадагы концерт жергиликтүү тургундарга тартуулангандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 12-апрелде маданият үйүнүн концерттик залында жогорудагы концерт жогорку деңгээлде коюлуп, көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Алгач концерттин башталышын маданият бөлүмүнүн башчысы Марипа Муканова ачып берди.

Аталган концертте «Шайыр апалар» долбоорунун негизинде түзүлгөн «Асылзат», «Калыйдын кыздары» элдик ансамблдери, ошондой эле Баетов айылында түзүлгөн «Мусанын урпактары», буга чейин өз өнөрлөрүн элге тартуулап келген «Ак Мөөрдүн сиңдилери» фольклордук ансамбли, обончу, аткаруучулар Б.Дүйшеева, К.Элетенов, Б.Ободоев, комузчу Б.Акунов жана башкалар жандуу үн менен көрүүчүлөргө шаңдуу өнөр тартуулады. Андан сырткары, Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамааты комуз күүлөрүн аткарса, ал эми балдар билим берүү борборунун окуучулары кыргыз бийлерин аткарып беришти. Ошондой эле, маданият үйүнүн өнөрпоздору элдик ырларды жана эстрадалык багыттагы ырларды аткарып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1419
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×