Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

«Жол азабы — көр азабы»: Кызыл-Белестеги жолго тыгылган жүк ташуучу унаалар (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы Нуркул Кулназаров атындагы борбордук көчөнүн жолу талкаланып, жеңил унаа эмес, оор жүк тарткан унаалар тыгылып калууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

«Жогорку жактагыларга кайрылып жатабыз, бирок ушул күнгө чейин бири дагы тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай, кайдыгер мамиле кылып жатышат. Жолубуз такыр эле болбой калды. Оор жүк тарткан унаалар жолго тыгылып, бири-бирин сүйрөп жатышат. Ого бетер жолубузду казып салышты. Арык эле болуп калды. Карапайым элдин үнүн уга турган жан жок болуп жатат», - деди айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев.

Буга чейин Turmush басылмасы Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылынын жергиликтүү жашоочулары оор жүк тартуучу унаалардын кесепетинен айылдын борбордук көчөсү талкаланып калгандыгына кайрадан нааразы болуп жатышкандыгын жазган.

Алардын айтымында, аталган айылдын Нуркул Кулназаров атындагы борбордук көчөсүнөн Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы салынып жаткан туннелге цемент ташыган оор жүк тартуучу унаалард өтөт. Буга байланыштуу жол казылып, арыкка айланып бара жатат.

«Ал тургай жергиликтүү жашоочулардын бакчаларына чейин коркунуч жаратып, айылдын ички арыктары бузулуп жатат. Бул маселе боюнча тийиштүү жактарга кайрылуулар жиберилип, бирок жооп берилбей, жолду оңдоого эч ким көңүл бурбай жатат. Бул Нарын дарыясындагы курулушу бүтпөй жаткан көпүрөнүн кесепетинен улам болууда», - деп билдиришти айыл тургундары.

Буга чейин жергиликтүү жашоочулардын Нарын дарыясындагы көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышууга келген вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго бул маселе боюнча жардам берүү суранычы айтылган. Ал эми облустук жол тейлөө ишканасынын башчысы Тынычбек Абдылдабеков жолду оңдотуп берүү үчүн туннель куруп жаткан кытайлык компанияга кат жолдогонун билдирген эле.

Тема боюнча: Кызыл-Белестин борбордук көчөсүнөн өткөн чоң унаалар жолду талкалап жатат, - тургундар (видео, фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 881
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×