Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Ак-Талаанын Баетов айылында үйүнүн чатыры өрттөнүп кеткен тургунга 61 миң сом каражат тапшырылды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Марат Калиевге мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 61 миң 71 сом жардам берилди. Бул тууралуу уюмдун Нарын облусундагы филиалынын менеджери Арстанбек Алымканов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Баетов айылынын тургуну М.Калиевдин 2017-жылдын 28-декабрь күнү үйүнүн чатыры өрттөнүп кеткен. Буга чейин турак жайын камсыздандыруудан өткөргөн М.Калиевге кечээ Ак-Талаа районуна иш сапары менен келген облус башчысы Аманбай Кайыпов 61071 сом каражат тапшырды.

«Ак-Талаа району боюнча 2017-жылы жалпы 452 жарандын турак жайы камсыздандырылган болсо, 2018-жылдын 10-апрелине карата 184 жарандын турак жайы камсыздандырылды. Ал эми, электр энергиясынын кесепетинен жашап жаткан үйүнүн чатыры өрттөнүп кеткен Баетов айылынын тургунуна каражат берилип, учурда үй ээси үйүнүн чатырын оңдоодон өткөрүп жатат», - деди А.Алымканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 820
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×