Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуНарын району 12.04.2018 10:29

Нарын районундагы спорттук спартакиаданын жеңүүчүлөрү облустук мелдешке жолдомо алышты (фото)

Turmush -  Нарын районунун Учкун айылында мектеп окуучуларынын арасында спорттун тогуз коргоол, теннис, волейбол, футбол жана жеңил атлетика боюнча спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Искендер Маралбаев билдирди.

Маалым болгондой, спартакиадага райондогу Куланак, Сегизинчи-Март, Дөбөлү,Чет-Нура, Эмгекчил жана Кара-Кужур өрөөндөрүнөн жалпы 230 окуучу келишкен. Мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлүп, оюн күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Анын жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Эмгекчил айылынын командасы, 2-орунду Дөбөлү айылынын, 3-орунду Чет-Нура айылынын командасы ээлешти. Жеңүүлөргө Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылды. Ошондой эле, биринчиликти ээлегендерге облустук спартакиадага катышууга жолдомолор берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×