Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Жумгалдагы туяктуу малдын өлүгү ыргытылган Май-Кокту таштанды жайы мал базарга айланат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Май-Кокту таштанды жайында 10-апрелден тарта акыр-чикирлерди тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жаш активист Марат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, таштанды төгүлө турган жайды тазалоо иштери кызуу жүрүп, ага райондун акими, айыл өкмөтү жана райондук прокуратура тиешелүү түзүмдөргө тапшырмаларды беришкен. Ошондой эле, айыл өкмөтү тарабынан 1 тонна күйүүчү май каралып, Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин жана Байзак, Дыйкан айыл өкмөттөрүнүн техникалары ишке тартылган.

«Бул маселени айыл тургундарынын нааразычылыгынан улам жаштар көптөн бери көтөрүп келген элек. Бул жайды көмдүрүү, курчоого алуу жана айылдан алысыраак жайга көчүрүү иштерин карап келгенбиз. Эми иштер аткарылып тазаланып, аталган жай көмүлүп жатат», - деди Оторбаев.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Темирбек Чилпаков келечекте бул жерге мал базар ачуу иштери пландалып жатканын билдирди.

Тема боюнча: Чаектеги Май-Кокту малдын өлүктөрүнө, ооруканадан чыккан таштандыга толуп калды, - жашоочулар (видео, фото)

Чаек метеостанциясын таштанды талаадан учуп келген баштыктар каптады, - жумушчулар (фото)

Чаек айылында таштанды төгүүчү жайга жакын жашагандар уйларын саап иче албай калышты, - тургундар (видео, фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 515
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×