Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Кочкордун Көк-Жар айылында «Мээрим-Нур» бала бакчасынын ачылыш аземи болду (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Көк-Жар айыл аймагында «Мээрим-Нур» бала бакчасынын ачылыш аземи болду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ачылыш аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, Германия эл аралык кызматташтык долбоорунун координатору Кыял Султанбаева катышып, каалоо-тилектерин айтып, кызыл тасма кесишти.

Белгилүү болгондой, Германия эл аралык кызматташтык коому ( GIZ) , «Жарандык коом менен биргеликтеги өнүгүү долбоорлорун колдоо фонду» (Fonds) долбоорунун колдоосу менен аталган бала бакчада 34 бөбөктүн мектепке чейин сапаттуу билим жана тарбия алуусуна жагымдуу шарттар түзүлдү. Аталган долбоордун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык коом менен биргеликте балдар үчүн жууркан-төшөктөрдү, ашкана жабдууларды, компьютердик техника, балдардын өнүгүүсүнө багытталган оюнчуктарды сатып алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1113
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×