Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Айыл турмушу: Мугалим Н.Усупова спорттук мелдештерге катышып, «Мыкты оюнчу» наамына ээ болуп келет (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Чий айылынын тургуну Нуржан Усупова 14 жылдан бери билим очогунда эмгектенип келет. Балдарга өзгөчө ыкмалар менен сабак өтүп жана иш-чараларга активдүү катышып, спортто ийгилик жараткан мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Нуржан Усупова учурда Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенет.

«Менин мугалимдик кесипти аркалап калуума ата-энем чоң түрткү болду десем жаңылышпайм. Анткени, алар экөө тең Миң-Булак айылындагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектепте иштеп, бири дене тарбия, бири тарых сабагынан балдарга билим беришкен. Учурда алар ардактуу эс алууда. Мугалим ардактуу кесип деп, мага кеңештерин беришти. Учурда алардын айткан туура кеңешинин артында минтип мугалим болуп отурам. Бул мектепте 2007-жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келем. Азыр жашоомду окуучуларымсыз элестете албайм. Анткени жарым күнүм жалаң мектепте, балдар менен өтөт», - деди ал.

Нуржан Усупова балдарга билим берүүдөн тышкары спорттук оюндарга да активдүү катышып, «Мыкты оюнчу» аталган. Мындан улам кесиптештери жана айылдаштары аны «активистка, спортсменка, комсомолка» атап алышкан.

«Кандай иш-чаралар болбосун, ага катышууга аракет кылам. Спорттун волейбол түрүнө басым жасайм. Көптөгөн мелдештерге катышып, команданын ичинен "Мыкты оюнчу" наамын алып келем. Мындан сырткары жумуштан кийин үй-бүлөмө көңүл бөлүп, балдарымдын окуусун көзөмөлдөйм, үй-оокаттарын кылып, мал-жандыктарды каралашам. Аялзаты аракет кылса баарына жетишет экенбиз да. Кесиптештерим, айылдаштарым мени "ативистка, спортсменка, комсомолка" деп ат коюп алышкан. Бардык жерде жакшы жактарың, жакшы ишиң менен таанылып турсаң жакшы», - дейт мугалим Н.Усупова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×