Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.04.2018 08:10

«Тешиги жок жолдо каттагыбыз келет»: Жумгалдыктар Чаек — Кочкор жолунун курулушун тездетүү боюнча бийликке кайрылышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун жалпы 13 айыл өкмөтүнүн тургундары Чаек — Кочкор жолунун курулушун тездетүү боюнча бийликке кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары Аскат Жеңишбеков жана Майрамбек Исаковдор билдиришти.

Алардын айтымында, жолдор шифер төшөлгөндөй аң-чуңкурга айланып, анын кесепетинен райондо социалдык көйгөйлөр өнүгүп, жергиликтүү тургундарды жүдөтүүдө. Ал эми, мындан бир жыл мурда баштала турган Түндүк-Түштүк унаа жолунун курулушу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айынан жылып калган. Бул жылы да жолду жасоо иштери кечеңдеп, элдин нааразылыгын күчөтүүдө. Мындан улам элеттиктер президент С.Ш.Жээнбековго, премьер-министр С.Ж.Исаковго, Жогорку Кеӊешинин төрагасы Д.А.Жумабековго, парламенттик фракциялардын лидерлери И.Ш.Өмүркуловго (КСДП), Ж.К.Турускуловго (Республика — Ата-Журт), А.Б.Баатырбековго (Кыргызстан), Б.Э.Төрөбаевге (Өнүгүү — Прогресс), А.Т.Сулаймановго (Бир Бол), А.Н.Шыкмаматовго (Ата-Мекен) кайрылуу жолдошкон.

«Жумгал эли жогорку бийликтен Бишкек — Жумгал жолунун курулушу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү суранат. Элибизде “Жол азабы — көр азабы” деген таамай айтылган сөз бар. Бул жол биздин өмүрүбүз менен барабар, бир канча муунду өстүрүп чыгарды десек да болот. Президенттин жарлыгына ылайык, 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Биз да өнүккүбүз келет, биз да тешиги жок, чаңдабаган жолдо каттагыбыз келет. Жыл сайын жолуңар мына быйыл курулат деген куру убадаларга тойдук.

Мына ушул жолдо биздин өмүр-жашообуз өтүп келе жатат. Совет учурунда курулган боюнча бир дагы жолу оңдолгон жок. Жумгал боюнча Жолдорду эксплуатациалоо мекемеси пландык иштери боюнча эптеп-септеп түртүмүш болот, ал мекеме жолду оңдомок турсун өзү техникалык, материалдык жардамга муктаж, бүгүнкү күндө өлөсөлүү болуп араң турат.

Жумгал элинде деле башка аймактардагы журтташтарыбыздай эле көйгөйлөрү толтура, пенсия, жөлөк пул, мал чарба, айыл чарба өңдүү. Бирок, биз анын баарына кайыл болуп, президенттен, өкмөт башчысынан бир эле нерсени сурайбыз. Урматтуу президент Сооронбай Шарипович, премьер-министр Сапар Жумакадырович Бишкек — Жумгал жолун гана бүтүрүп бериңиздер. Башка маселелерибиз бир тең, бул көйгөйүбүз бир тең.

2018-жылдын бюджети менен Чаек — Кочкор жолун жасатып берсеңиздер деген изги тилегибизди жеткиргибиз келет. 27 жылдык Кыргызстандын эгемендик тарыхында, Жумгал эли бир да жолу жол тосуп же коомдук резонанс жараткан мыйзам бузууларды массалык түрдө жасаган эмес. Бирок биздин да сабырыбыз түгөнүп бара жатат, өзүбүздүн мыйзамдуу, укуктук талаптарыбыз боюнча тиешелүү кадамдарга барууга да даярбыз», - деп билдиришти айыл тургундары.

Бул маселе боюнча район акими Адыл Сапаров жол быйыл жасала турганын айтып, элди сабырдуулукка чакырды.

«Быйыл Баш-Кууганды айылынан Кочкорго чейинки 90 чакырым жол жасалат. Бир аз чыдашыбыз керек, биз деле жөн жатканыбыз жок. Азыр базалар кайсыл жерге жайгашаарын тактап жатышат. Салынганы жаткан жол үчүн элди дүрбөткөндүн кажети жок го», - деди А.Сапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×