Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Кочкордо өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 10-апрель күнү Кочкор РИИБдин демилгеси менен уюштурулган волейбол мелдеши Кочкор айылындагы И.Арабаев, К.Кыдыралиев атындагы орто мектептеринде жүргүзүлүп, ага райондун аймагынан жалпы 10 мектептин окуучулары катышты. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектептин окуучулары, 2-орунга Көк-Жар айылындагы Көк-Жар орто мектебинин жана 3-орунга Кочкор айылындагы И.Арабаев атындагы орто мектебинин окуучулары ээ болушту. Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн А.Эсенгелди уулу, Н.Мелисов, А.Жаныбек уулу грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Аталган мелдеш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алууга багытталды.

Мындан сырткары жол кырсыктарын алдын алуу максатында Кочкор районунун борборунда «Адамдын жаны аманат» аталышындагы акциясы Кочкор РИИБдин кызматкерлери жана Нарын казыятынын райондогу имамдарынын катышуусунда өткөрүлдү. Акциянын жүрүшүндө автоунаа каражаттарын башкарып келе жаткан айдоочуларга жана жарандарга атайын чыгарылган китепчелер жана видео-роликтер жазылган дисктер таратылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1247
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×