Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Ой-пикир: Элетти көтөрүүдөгү аракеттер жана убайым тарткан дыйкандар менен фермерлер

Turmush -  Үстүбүздөгү жылды президент Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Ага удаа өкмөт, Айыл чарба жана мелорация министрлиги ар бир дубандарга карата кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү керектиги тууралуу сунушун жарыялоодо. Бирок тилекке каршы ооз эки жүзүндө бул облуска эгин, тигил аймакка картошка айдоо пайдалуу деп айтып койгондон эч нерсе деле өзгөрбөчүдөй. Анткени Акаев деле бир жылды Элетти көтөрүү жылы деп жарыялап, өкмөт ага карата «Аракет» аталыштагы программа менен чыккан. Бирок бийликтин ачык айкын саясаты, элетти көтөрүүнүн так механизми жана эң башкысы адилет башкаруунун жоктугунан улам, ал программа арак-эт программасына айланып, айылдар өнүкмөк турсун кургуйду карай төмөндөгөн. Демек, быйылкы жылы дагы ошондогу көрүнүш кайталанып калбашы үчүн, мамлекеттик бийлик алдыга койгон жараянды үстүртөдөн эмес, айыл жана кичи шаарлардын эң түпкүрүнө чейин сүңгүп кирүүлөрү зарыл болууда.

Алсак, 2008-жылы Нарын облусунун дыйкан-фермерлери 66 миң тонна эгин өндүрсө, бул көрсөткүч 2017-жылы 51 миң тоннаны түзүп, эгин өндүрүү дээрлик 23 пайызга азайып кеткен экен. 9 жыл илгери теңир-тоолуктар 89 миң тонна картошка жыйнашса, былтыр экинчи нандын көлөмү 91 миң тоннага жеткен же өсүш 3,4 гана пайыз болгон. Салыштырмалуу алганда 2008-жылы 7583 тонна жашылча жыйналса, өткөн жылы бул маанилүү азыктар 5900 тоннаны түзүп, теңир-тоолуктар жашылча өндүрүүнү 77,8 пайызга азайтышкан.

Албетте мал киндиктүү аймакта көп жылдык чөп аянттары кеңейтилүүдө. Алсак, ошол эле 2008-жылда теңир-тоолук элеттиктер 280 миң тоннадан ашык өлчөмдө тоют камдашса, бул көрсөткүч 2017-жылы 374 миң тоннаны түзгөн. Анткени облуста малдын саны ушул 9 жыл аралыгында ири мүйүздүү мал 38,7 миң, кой-эчкилер 261 миң жана жылкылар 24 миң башка көбөйгөн. Ага жараша 2008-жылда облустун дыйкан-фермерлери тарабынан 48 миң тонна эт, 116 миң тонна сүт, 1884 тонна жүн өндүрүлсө, тогуз жылдан кийин бул көрсөткүчтөр ирээтине жараша эт 52,8 миң, сүт 124,5 миң жана жүн 2111 тоннаны түзгөн. Демек, облус боюнча уй саны ушул жылдарда 131 %, кой-эчки 134 % жана жылкылар 127 % көбөйгөнү менен сүт өндүрүү 107 %, эт 110 % жана жүн 112 % гана жогорулаган. Ушундан улам дагы деле мал чарбасы менен алектенгендердин таман акы, маңдай тери толук кандуу акталбай жатат деген жыйынтыкка келсек болот. Ал эми мал санынын так эместиги дагы ой жаратат. Айрым адистердин баамында облуста мал саны мындан 1,5-2 эсеге чейин арбын. Андай шартта теңир-тоолук дыйкан-фермерлердин малдын азыктарын өндүрүүсү өтө эле төмөндөп кеткендиги ачыкталат.

Экинчиси талаачылык боюнча. Жогоруда белгиленгендей, облуста эгин өндүрүү жана жашылча айдап, андан түшүм алуу кескин төмөндөгөн. Ал эми республика боюнча экологиялык жактан Нарындын таза картошкасы деп эсептелген экинчи нанды көбөйтүүгө дагы дыйкан-фермерлер анчейин кызыкпай калгандай. Көрсө мамлекетте айыл чарбасы, айылдыктар тууралуу бирдиктүү саясаттын жоктугунан улам арасат аракеттер орун алып, элеттиктер, демек аймактагы туруктуу жашаган тургундар экономикалык жактан киреше алып келе турган маданий өсүмдүктөрдү айдап өстүрүүдөн жалтактап калгандай.

«Мен дал ошол өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын ортосунан тарта картошка өндүрүүнү өздөштүрө баштадым. 15 жылдай бир гектар жерге туруктуу картошка айдап, орточо 45 тонна түшүм алып турдум. Бир жылы мына ушул колумдун (колун көрсөтүп) эмгеги менен 60 тонна картошка алдым. Таза кирешем ошондо 900 миң сом болгон. Бирок кийинки жылдарда пайда тапмак түгүл, 100 миңдеген сом чыгашага учурап да калдым. Анткени картошканын баасы түшүп, а түгүл Нарын дайрасынын жана агын суулардын жээктериндеги көмүскө жерлерге төгүүгө да туура келди. Бирок өжөрлөнүп, быйылкы жылы баасы чыкпаса дагы, эмдики жылы баа болоор деп тажабай, кыйынчылыктарга чыдап айдап жүрдүм.

Акыры мен жеңилдим, картошка айдаганды таптакыр токтоттум. Себеби, биздин өлкөдө бийлик рынокту жөнгө сала албастыгын көрсөттү. Демек картошкабы, жашылчабы же малбы баарысын багып жана азык өндүрүү карта оюнуна айланды. Колуңа көзүр карталар келсе утасың, болбосо утуласың. Ал эми кумар оюндарында сөзсүз утулуулар көп болот. Ошондуктан өкмөт айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдү карта оюнуна салбай, чыныгы иш-аракетти жасашса эле туура болмок.

Мисалы, айыл чарбасы дүйнөдө дотацияда турат. Себеби тармак ушундай опурталдуу деп эсептелет. Бир жылы кургакчылык болсо, бир жылы жаанчыл жана бир жылы жаз кеч келип, кийинки жылда күз эрте түшүп, кар жаап салышы табыгый нерсе. Ошондуктан өнүккөн мамлекеттерде деле айыл чарбасына колдоолор көрсөтүлүп, мамлекеттик кепилдиктер менен камсыздалат. Бизде дагы ушундай шарттар түзүлсө, анда элеттиктердин кирешелери туруктуу болуп, чыныгы эмгек кылышкан үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалдары жакшырмак. Жыйынтыгында аймактар өнүкмөк», - дейт мээнеткеч бир маектешим.

Чындыгында эле өкмөт жана жергиликтүү бийлик эгелери эң оболу дыйкан-фермерлердин өндүргөн азык-түлүктөрдүн ыраттуу баада сата алгандай шарттарды түзүүлөрү өтө зарыл болууда.

Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын шаары

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×