Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.04.2018 13:53

Жумгалда пенсия курагына келген мектеп директору ордун жаш мугалимге тапшырды

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебинин пенсия курагына келген директору ордун жаш мугалимге тапшырды. Анын ордуна Аида Батракеева дайындалды. Тиешелүү буйрукка райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева кол койгон.

Аида Батракеева 1980-жылдын 1-октябрында Жумгал районунун Чаек айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1986-жылы Москва орто мектебинде 4-класска чейин окуп, 1990-жылы 5-класстан баштап Бишкек шаарындагы №58 мектепте окуп, 9-классты Чаек айылындагы М.Алыбаев орто мектебинде бүтүргөн. 1997-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетине тапшырып, аны 2002-жылы аяктаган.

Ушул эле жылы эмгек жолун баштап, Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов орто мектебине кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагынан мугалим болуп кирип, 2014-жылы директордун орун басарынын милдетин убактылуу аткарган. 2018-жылдын 11-январынан баштап директордун орун басары кызматына дайындалып иштеп келген.

Аида Батракеева райондук, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн ардак грамоталары, Билим берүү министрлигинин ардак грамотасы, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, «Сүйүктүү мугалим» алтын медалы менен сыйланган. «Даткайым» кароо-сынагынын баш байгесинин ээси болгон.

Үй-бүлөлүү 2 уул, 1 кыздын энеси. Жолдошу Талант Орозобеков мектептин кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча мугалими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×