Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.04.2018 12:16

Жумгалда айыл чарба техникалар тизилип, жер айдоо иштеринин акылары аныкталды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун аймагында жазгы айдап себүү иштерине керектүү айыл чарба техникалары тизилип, жер айдоо иштеринин акылары аныкталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башчысынын орун басары К.Азизов, облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы А.Сокеев, район акими А.Сапаров, Жумгал райондук айыл чарба департаментинин башчысы Т.Молдокеев жана айыл өкмөт башчылары, дыйкандар катышты.

Дыйкандар тарабынан жер айдоонун баасы төмөндөгүдөй белгиленди.

1 гектер жер:

- айдоо үчүн 25 литр майдын акысы 1200-1500 сом;
- себүү үчүн 10 литр майдын акысы 350-500 сом;
- тырмоо, тегиздөө үчүн 10 литр майдын акысы 300-400 сом;
- арык тартуу үчүн 5 литр майдын акысы 100-200 сом;
- огороддогу айдоо иштери үчүн 5 литр майдын акысы 200-300 сом;
- күзгү эгинди жыюуда 25 литр май жана комбайндын акысы 1300-1500 сом;
- эгинди тартуунун акысы (аралыкка жараша) 400-500 сом өлчөмүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×