Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 11.04.2018 09:34

Жумгалда Апрель ыңкылабында каза болгондордун жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Жумгал районунун борборунда Элдик апрель революциясынын 5 жылдыгына карата курман болгондорду эскерүү митинги болуп, баатырлардын үй-бүлөлөрүнө жардамдар көрсөтүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, эскерүү иш-чарасы курман болгондорго арналып тургузулган монументтин жанында өтүп, ага Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Бакыт Женалиев, райондун прокурору Талант Койчуман уулу жана курман болгон баатырдардын жакындары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө баатырлардын арбагына багышталып куран окулуп, эскерүү мүнөтү жарыяланды.

Ошондой эле район акиминин атынан курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана 3 жабырлануучунун ар бирине 1-2 миң сомдон, жалпы 19 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

2010-жылдын 7-апрелинде райондон 8 жаран көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×