Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Мамлекеттик гербдин автору Асеин Абдраев 70 жашка толду

Turmush -  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин автору, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Асеин Абдраев 70 жашка толду.

Нарын шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шаар мэри Эмил Алымкулов, шаардык кеңештин төрагасы Жыргал Ботоканов, вице-мэр салтанат Эсенаманова коомдук ишмердин кутман курагы менен куттуктап, андан кабар алышты.

«Асеин Абдраев сыркоолоп жаткандыгына карабай келген коноктору жылуу кабыл алып, гербдин жаралыш тарыхын айтып, талыкбаган эмгеги туурасында маек куруп берди. Бийлик өкүлдөрү авторго чың ден соолук каалап, ак калпак кийгизишип, 5 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүштү», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1742
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×