Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 10.04.2018 17:14

Ак-Талаа районунан күрөштүн 3 түрү боюнча облустук спартакиадага 29 балбан тандалды (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда облустук спартакиадага күрөштүн 3 түрү боюнча 29 окуучу балбан тандалып алынгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар арасында кыргыз күрөш, грек-рим жана эркин күрөш боюнча өткөн райондук спартакиадан 29 окуучу балбан облустук спартакиадага катышууга жолдомо алышты. Учурда алар «Тайлак баатыр» спорт клубунда машыктыруучулар Билимбек Капарбек уулу, Азамат Барктабасов жана Алмаз Кайыповдун жетекчилиги астында жогорку деңгээлде машыгуудан өтүшүүдө.

«Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинен 3 балбан, Байымбет атындагы орто мектебинен 2 балбан, Э.Карасартов атындагы орто мектебинен 6 балбан, Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинен 2 балбан, М.Баетов атындагы орто мектебинен 1 балбан, М.Базаркулов атындагы орто мектебинен 3 балбан, А.Абдраимов атындагы орто мектебинен 5 балбан, К.Молдобасанов атындагы орто мектебинен 2 балбан жана С.Турдакунов атындагы орто мектебинен 5 балбан 12-апрелде Нарын шаарында өтө турчу облустук спартакиадага барып, күч сынашат», - деп билдиришти машыктыруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×