Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Айыл турмушу: Тойлордо ырдаган М.Бакирдинова шырдак бетине сайма сайып, ишкердик кылат (видео, фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын 51 жаштагы тургуну Малика Бакирдинова бала кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал жасаган кол эмгектерин бири-биринен өзгөчөлөнтүп, кыргыздын баалуулуктарын кийиз бетине сайма кылып түшүрөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү апасынан үйрөнүп, өзгөчө идея жаратканды жактырат.

«Мен курактуулардын көбүнчөсү эле апасынан үйрөнүп, кол өнөрчүлүк менен алектенишет эмеспи. Мен да өз апамдан 13 жашымда үйрөнүп, кызыгуум арткан. Учурда курак курап, сайма сайып, түймө түйүп, кийизден буюмдарды жасап жана улуттук кийимдерибизди, баш кийимдерди тигем. Жасаган буюмдарды 20 жылдан бери сатып, киреше табуудамын. Өзүм сүрөтчү болгондуктан, кийиздин бетине түшүрүлгөн оюулар өзүмдүн оюмдан чыгат жана ар биринин өзгөчө түшүндүрмөсү бар. Кийиз бетине оюуларды гана түшүрбөстөн, аларга сайма сайып, кыргыздын баалуулуктарын түшүрөм.

2017-жылы Ат-Башы айылында өткөн "Кыргыз шырдагы" фестивалында Кыргыздын улуттук баалуулуктары деген аталыштагы килемчемди алып чыккам. Бирок жасаган эмгегим орунга гана эмес, кызыктуруучу сыйлыкка да ээ болгон эмес. Бут тосуулар болуп, жеңүүчүлөр туура эмес аныкталганына нааразымын», - деди ал.

Чебер айым мындан тышкары тасирдүү ырларды жазат жана Ат-Башыдагы «Арууке апалар» тобунда эмгектенип келет.

«Атам таасирдүү ырларды жазчу жана сөзгө абдан чечен адам эле. Бул өнөр мага андан өтсө керек. Ырларымдын көбү патриоттук ырлар болуп саналат жана кубанган кезде көп ырды кагаз бетине түшүрөм.

Ал эми ырдаганга кичинекей кезимден эле кызыгып, мектепте ырдап жана көптөгөн кароо-сынактарга катышып жүргөм. Учурда Ат-Башы айылында 10 жыл мурун 12 айымдан түзүлгөн "Арууке апалар" тобунун мүчөсүмүн. Көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келебиз. Ошондой эле майрам күндөрү ырдап, чакыруу менен тойлорго барып турабыз», - деди көп кырдуу талант ээси.

М.Бакирдинованын жолдошу К.Бакаев экөөнүн баш кошконуна 33 жылдын жүзү болду. Учурда алардын 3 баласы жана 5 небереси бар.

Кол өнөрчү 2016-жылы Нарын облусунун «Ардактуу айымы» деген наамына ээ болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2418
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×