Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусу, Нарын 10.04.2018 09:52

Нарында куткаруучулар арасында өткөн футболдун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык менен сыйланышты (фото)

Turmush -  «Намыс» ден соолукту чыңдоо борборунда Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өткөрүлдү. Ага аталган түзүмдүн кызматкерлеринен куралган алты курама команда катышты. Мелдештин жүрүшүндө өздөрүнүн спорттогу мыкты даярдыкта экендигин көрсөтүшүп, күйөрмандар үчүн кызыктуу оюн көрсөтүштү. Мелдештин чечүүчү беттеши бөлүмдүн №1 жана №4 күзөт бөлүмдөрүнүн ортосунда өтүп, күйөрмандардын бүйүрүн кызытты.

Оюндун жыйынтыгында №1 күзөт бөлүмүнүн командасы 1-орунду, №4 бөлүмү 2-орунду жана 3-орунду №2 күзөт бөлүмүнүн командасы ээлешти. Жеңүүчүлөргө бөлүмдүн жетекчилиги тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдору, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ошондой эле, Ж.Кебекчиев, Р.Эсеналиев «Мыкты чабуулчу», Х.Исаев «Мыкты коргоочу», А.Жумалиев «Мыкты дарбазачы» деп табылып, баалуу белектер менен сыйланышты. 1-орунду камсыз кылган №1 күзөт кызматынын командасына кубок, 3000 сом, 2-3-орунду алган командаларга 2000 сом жана 1000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×