Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 10.04.2018 09:39

Кочкордо аскер комиссариатынын 100 жылдык мааракеси белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда Кыргызстандын аскер комиссариатынын түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргызстандын аскер комиссариатынын 100 жылдык мааракесине карата кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды. Майрамдык иш-чарага Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мелис Мырсалиев, райондогу айыл өкмөт башчылары, күч кызматкерлеринин өкүлдөрү, комиссариаттын кызматкерлери жана башкалар катышып, өз куттуктоолорун билдиришти.

Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаты 1918-жылдын 8-апрелинде түзүлгөн. Себеби, советтик армия түзүлгөндөн кийин армиянын катарын толуктоо максатында аскер комиссариатын түзүү зарылчылыгы келип чыккан. Быйылкы жылы аскер комиссариатынын түзүлгөнүнө туптуура 100 жыл болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×