Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 09.04.2018 20:55

Кочкордун Чолпон айылына бактын 3 миң түп көчөтү отургузулду (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Чолпон айылында жашылдандыруу жумуштары бактын 3000 түп көчөтүн отургузуу менен башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, Чолпон айыл өкмөтү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Жашыл долбоор» долбооруна катышып, анын алкагында 3000 түптөн ашык көчөт алынып келген. Анын 1500 түбү терек, 500 түбү мажүрүм тал, 1500 түбү кара бактын көчөттөрү. Бул көчөттөрдү отургузуу иш-чарасына Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов да катышты.

Көчөттөр Чолпон айылдык клубунун жанындагы бош жаткан аянтка отургузулат. Ошондой эле тегереги айыл өкмөттүн каражатына тосулуп, айыл тургундары эс ала тургандай сейил бак ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×