Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 09.04.2018 22:47

Айыл турмушу: Кочкорлук 25 жаштагы Эсенамантур 200 кг эт берген букаларды багат (фото)

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын 25 жаштагы тургуну Эсенамантур Ысман уулу мал багып киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча энергетик.

«Кичинекей кезимден эле мал багып чоңойдум. Кесибим боюнча энергетикмин, бирок ал тармакта иштеген жокмун. Мал менен иштегендин ыгын таап, бул иш менен 4 жылдан бери алекмин. Учурда букаларды байлап сатып жатам. Учурда короодо 1,5 жаштагы 10 бука бар. Аларды былтыр жазында 12 миң сомдон сатып алып, жайлоого чыгаргам. Күзүндө келгенде дароо байлап баштадым. Эми аларды 4-5 ай байлап, андан кийин союп, этин сатам. 1 жаш буканы 5 ай байлагандан кийин 200 кг эт берет. Ал эми 10 буканы байлаганга, тактап айтканда 5 айга 300 түк беде, 1000 кг жем кетет», - деди ал

Эсенамантур мырза Нарын облусунун айылдарын кыдырып, мал алып, Кочкордун, Токмоктун мал базарларына сатарын кошумчалады.

«Базардагы жумуш жума сайын кайталанат. Мал алып-сатуунун сырын өзүм аралашып жүрүп үйрөндүм. Башында киреше түшпөй калган учурлар да болду. Бирок кийинчерээк көнүп, ыгын таап иштеп калдым. Ошондой эле 10 гектар жерге арпа, буудай, беде өстүрөм. Букалардын ар биринен болжол менен 30 миң сом түшөт деп жатам. Мал алып сатып, айына 50-70 миң сом табам. Келечекте мал багуу, сатуу боюнча ишкердикти өнүктүрсөм дейм», - деди ал.

Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×