Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Жеңеке: 19 жашында турмушка чыккан Ф.Муканбетованы кайниси элдин көзүнчө катуу уялткан (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургуну Фарида Муканбетова жолдошун бир көрүп эле турмушка чыккан. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Нарын мамлекеттик университетинин информатика факультетин окуп бүтүргөн.

«2001-жылы 19 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз биринчи жолуккан күнү эле үйлөнүүнү чечкенбиз. Жолдошум Сталбек Бейшеев Эмгекчил айылынан болот. Азыркы учурда айдоочу болуп эмгектенет. Абдан баласаак. Мени аяп, бардык жумуштарга жардам берет. Өзүм бош убакытта түймө түйүп, буйрутма алып, кошумча киреше табам. Ошондой эле гүл өстүргөнгө кызыгам. Бош болуп калсам эле гүлдөрүмдү карайм. Алардын ар бир жалбырагына сүйүнүп, саргарып, өспөй калса бушайман болом. Үй-бүлөдө жалгыз кызмын, апамдын көзү эрте өтүп кетти. Ошондуктан атама, эркек бир туугандарыма жардам берип, түйшүгүн көтөрүшөм», - деди ал.

Фарида жеңе келиндик доордогу кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Жаңы келин болуп келгенде кайним менен тамашалашып ойноп калдык. Бир жолу үйгө эшиктен тамак көтөрүп кирип баратсам, артымдан келип жоолугумду алып кетти. Ал учурда атам менен апам төрдө отурган болчу. Тамакты жерге коюп, эшикке чуркап чыксам, жоолугумду тамдын үстүнө ыргытып жиберди. Жоолугумду ала албай уялып туруп калгам.

Жаңы бут кийим алган элем. Кайним очоктон кырмычык жеп келейин деп аны кийип кеткен. Ал бут кийимдин башын отко күйгүзүп алып, айтпай чечип коюптур. Бут кийимимди кийсем эле биринин башы тешик экен. Буга эмне болгон десем, кайним "көп баскан аяк бок басат" деп элдин көзүнчө шылдың кылып, бетимди кызарткан. Ал ошол учурда кичинекей бала эле. Учурда үй-бүлөлүү болду. Келечекте балдарыма жакшы тарбия берип, аларга мээримдүү эне, жолдошума татыктуу жубай болууга күчүмдү жумшайм», - деди жеңеке.

Ал жолдошу экөө 2 уул, 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8619
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×