Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.04.2018 15:28 На русском

«Үйдү бошоткула»: Жерге-Талдагы бөбөктөр 10 жылдан бери турак жайларда тарбияланып келишет (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында бала бакчанын жоктогунан бөбөктөр 10 жылдан бери жеке менчик турак жайларда тарбияланып келе жаткандыгын «Аруу-Нур» бала бакчасынын башчысы Айгүл Чылымова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылда 2009-жылы бала бакча түзүлүп, бирок балдар үчүн атайын имарат курулган эмес.

«Бала бакчанын жоктугунан минтип айылдын тургуну Максат Төлөгөновдун менчик үйүндө 30 баланы тарбиялап келебиз. Бирок үйдүн ээси жакынкы аралыкта үйдү бошоткула деп жатат. Айылда башка имарат жок. 2011-жылы айыл эли ашар жолу менен 50 орундуу бала бакчанын курулушун баштаган. Пайдубалы тургузулган. Тилекке каршы, райондук архитектура башкармалыгы жана Сейсмология институту тарабынан курулушту улантууга тыюу салышкан.

Учурда 30 баланы тарбиялап жатабыз, кезекте дагы 20дан ашык бала турат. Ал эми 2009-жылдан бери 3 үй алмаштырдык», - деди А.Чылымова.

2017-жылы АРИС уюмуна сунушталган долбоор жактырылып, анын негизинде 16 млн 690 миң сомго 50 орундуу бала бакчанын курулушу башталмак.

«Дүйнөлүк банктын аудиторлору тарабынан АРИС уюмунун ишин текшерип жатат деп айтылып, текшерүүнүн жыйынтыгында АРИСке катышкан сынак жараксыз деп табылып калгандыгы да маалым болду. Бул маселе боюнча жергиликтүү тургундар, айыл өкмөт башчысы баш болуп жогору жактагыларга кайрылганыбыз менен эч кандай жыйынтык чыкпай келүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×