Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Айыл турмушу: Көп кырдуу талант ээси Т.Жекшенова шырдакка сайма сайып, эмгектерин чет жакка сатууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 61 жаштагы тургуну Турдубүбү Жекшенова бала кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган эмгектерин буйрутма менен чет өлкөлөргө чейин сатып киреше табат. Чебер айымдын кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү апасынан үйрөнгөн.

«Апам — жез оймок, тактап айтканда ишмер, колунан көөрү төгүлгөн уз аял болгон. Бала кезимде ага жардам берип жүрүп, баарын үйрөндүм. Жасаган кол эмгектеримди союз тараган кезде сатыкка чыгара баштагам. Ошондон ушул күнгө чейин бул иш менен кошумча киреше табуудамын. Жасаган эмгектеримди буйрутма менен Америка, Швейцарияга чейин алып кетишет. Учурда чий чырмап, курактан жаздыкчаларды, сумкаларды жасап, өрмөк согуп, ат жабдык, сумка, боз үйдүн жасалгаларын жана шырдак, бут кийим сүргүч, кийизден килемче, азем буюмдарды жасайм.

Туш кийиз биздин улуттук килемчебиз болгондуктан, ата-бабаларыбыз ошол кезде кийиздин бетине сайма түшүрүп, боз үйгө тартып келишкен. Унутта калбасын деген максатта шырдактын бетине оюу түшүрүп, жаш муундарга үйрөтүп келем. Мындан тышкары өзүбүздүн улуттук кийимдерди жана сахна кийимдерин буйрутма менен тигем», - деди ал.

Т.Жекшенова өзүнүн кесиби боюнча китепканачы. Ошондой эле айылдагы «Ак-Муз айымдары» тобунун жетекчиси.

«Мен 1988-жылы Токмок шаарындагы Токмок маданий окутуу окуу жайынын китепканачы жагын аяктап, өзүбүздүн айылдагы китепканада иштеп, 1999-жылдан 2008-жылга чейин Боогачы Жакыпбек уулу орто мектебинде кол эмгек сабагынан сабак берип келдим.

Ал эми ырдаганга кичинекей кезимде эле кызыгып, мектептен ырдап жана көптөгөн кароо-сынактарга катышып жүргөм. Учурда 4 жыл мурун 11 айымдан түзүлгөн "Ак-Муз айымдары" тобунун жетекчисимин. Бул топтун эң улуусу 66 жашта болсо, кичүүсү 42 жашта. Өзүбүздүн айылыбызга жана Ат-Башыга чейин барып майрам күндөрү ырдап келебиз. Ошондой эле тойлордо дагы ырдап жана көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келебиз», - деди ал.

Мугалимдин жолдошу Ж.Дөөткулов экөөнүн баш кошконуна 43 жылдын жүзү болду. Учурда алардын 5 баласы жана 13 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1853
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×