Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Айыл турмушу: Эгиз кыздардын атасы Т.Жумакадыров хоббиси аркылуу киреше табууну өздөштүрдү (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Чекилдек айылынын 31 жаштагы тургуну Тилек Жумакадыров өзүнүн хоббиси аркылуу киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргыз улуттук агрардык университетинде электр-инженер адистиги боюнча окуган.

«Учурда айылда трактор менен өзүмдүн жана элдин жерин айдап эмгектенем. Өзүм 50 сотых жерге картошканын желе деген түрүн айдайм. Жыл сайын 5 тоннадан 10 тоннага чейин түшүм алам. Жалпы үй-бүлөбүз менен иштейбиз. Быйылкы кирешем 100 миң сом болду жана трактор менен элдин жерин айдап берип, тапкан кирешем 30 миң сомду түздү.

Мындан сырткары, буйрутма болсо тойлордо кызмат кылып, салтанатты видеого тартам. Кичинекей кезимден бери фотоаппарат менен сүрөткө тартууга кызыгам. 11-класста окуп жүргөндө акча топтоп, пленка салынган фотоаппарат сатып алгам. Ошондон кийин сүрөт жана видео тартуу хоббиме айланган. Кийин бул ишке болгон кызыгуум күчөп, фотоаппаратымды жаңыртып, азыр видеокамералуу болдум. Эгер той Кочкордун ичинде болсо 5000 сомго кызмат кылабыз, эгер Кочкордон сырткары алысыраак жерде болсо 8-9 миң сом болуп калат. Жылына тойлордон 200 миң сом киреше табам.

Бош убактымда спорт менен машыгам. Учурда эгиз кыздарым кичинекей болгондуктан, аларды багууга каралашып жатам. Келечекте чакан студия ачып, ишти кеңейтүү планым бар», - деди ал.

Т.Жумакадыров 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1331
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×