Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 03.04.2018 08:24 На русском

Бетине ун чачабыз: Памирлик кыргыздардын куда тосуу салты (видео)

Turmush -  Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен келген кыргыздар Нарын шаарында жашап жатышат. Аймактык кабарчы алардын бири Шарапат Абдыкалык кызы менен таанышып, памирликтердин айрым каада-салттарын сурап келди.

Анын айтымында, Памирде куда тосуу учурунда бир чоң аякка ун алып, үйгө кирип келе жаткан кудаларынын бардыгынын бетине чачышат. Андан соң, мал союлгандан кийин бир жиликти атайын талашып ойношот. Аны көргөзбөй үйгө таштаган адамга жакшы кийит кийгизилет.

«Кудабыздын тууган-уругу чогулуп келишет. Биз дагы туугандарыбызды чогултуп, куданы тосуп алабыз. Чапан-көйнөк жабуу салтын кылабыз. Кудаларыбыз үйгө жакындап калганда 1 чоң табак ун алып чыгып, алардын көзүнө, бетине чачабыз. Биздин салтта муну «улпак септик, актык чачтык» дейт. Анын мааниси актык чачып, биз сүйүндүк, кош болдук» дегенди тушүндүрөт.

Мындан сырткары, тойдун маанисин чыгарган оюн болот. Жаңы союлган малдын бир жилик этин алып, майданга салабыз. Анда эркектер, айрыкча жаштар жиликти талашып ойношот. Үйгө кирип жатканда катып кирип кетпесин деп кайтарып карап турушат. Эгер жилик кыздын үйүнүн ичине ташталса ал үйдү жазыктар дейт. Билгизбей катып кирип, куда тосулуп жаткан үйдүн ичине таштаса ал уткан болуп, жакшы чапан кийгизебиз. Жиликти үйгө киргизбей таап алган болсо кайрадан оюнга салышат.

Күйөө баланы чогулган элдин ортосуна отургузуп, чапан кийгизип, эки жагына эки эркек киши отуруп ырдайт. Аны жеңелери үйгө киргизип жатканда кой союп, каттама, пало (күрүч) жана башка жакшы тамактарды киргизебиз. Куда тоскон үйдүн кыздары мал союп, каттама, нан, жакшы тамак жасап, күйөө баланын алдына коюшат. Күйөө бала ага акча берет. Анан «кайын эненин оту» деп коет. Кайын энеси кой союп, күйөө баласын ырдатып үйгө киргизет. Кайын эненин отуна 1 жылкы, 1000 акча же колунда бар байыраагы 100 доллар берет. 2 күн той болуп, анан кудаларды узатабыз», - деди Шарапат Абдыкалык кызы.

Шарапат айым буга чейин аймактык кабарчыга Памирде турмушка чыккан кыздын күйөөсү кокус каза болуп калса, балдарын багып өстүрүү менен гана алек болуп, экинчи жолу турмушка чыгууга бел байлашпай тургандыгын айтып берген болчу.

«Бизде турмушка чыккан кыз кандай болгон учурда да ошол кайын журтуна байланат. Силерде ажырашуу болуп турат экен. Бизде андай учурлар жок. Эгер күйөөсүн чанып кетсе ал элге уят болот. Салтыбызда бир адамга турмушка чыккандан кийин ал кандай адам болбосун андан баш тартып, босогону аттап кетүү деген болбойт.

Андан сырткары эгер келиндерибиздин же кыздарыбыздын никедеги жолдоштору кайтыш болсо, башкага кайрадан турмушка чыгышпайт. Анткени күйөөсүнөн калган балдарын багышы керек. Ал балдарын башкага таштап же башкага бактырышпайт. Кайындары келинин жана балдарын асыроону моюндарына алышат. Эгер каза болгон жолдошунан бир дагы балалуу болбосо, анда келиндин оюн угат. Эгер ал турмушка чыгам десе, анда ата-энеси кайрадан турмушка берет. Бирок мындай учур көп боло бербейт. Кыздарыбызды турмушка узатып жатканда бардыгын айтып түшүндүрөбүз. Эч бир кыз жолдошуна нааразы болуп, урушуп босогосун аттап келбейт. Кыздарыбызга күйөөнү ата-энелер өзүбүз таап беребиз», - деген Шарапат айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×