Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.03.2018 11:33 На русском

Ат-Башыда 12 жаштагы кызга сексуалдык аракеттерди жасаган өгөй атага соттун өкүмү чыкты

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 12 жаштагы өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп айыпталып камалган өгөй атага карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасына жабырлануучунун апасы А.Ш. билдирип, өкүмгө нааразы экенин айтты.

Маалым болгондой, А.Ш.нын жолдошу К.К. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен айыпталып, камакка алынган. Алдын ала маалыматтарга караганда, К.К. өзүнүн аялы А.Ш.нин мурдагы никесинен төрөлгөн кызынын алсыз абалынан жана үйүндө киши жок учурлардан пайдаланып, ага 2014-жылдын январь айынан 2017-жылдын 2-октябрына чейин сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасап келген. Ал бул ыпылас аракеттерин жашыруу үчүн өспүрүм кызды коркутуп жүргөн.

«Жолдошум кызыма сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасап жүргөндүгүн билген эмесмин. Кызым түнт, ачылып эч нерсени айтпайт. Кызымдын президентке жазган катын кайын атам таап алып, аны мага берген. Мен ал каттагы "зордуктоо" деген сөздү окуп, аны кызымдан сурасам эч нерсе айтпай койгон. Мындан улам кызымдын жазган катын мектепке алып барып, социалдык педагогдорго бергем. Алар кызымды менден бөлүп, өзүнчө сураганда Салтанат (аты өзгөртүлдү) болгон окуяны айтып бериптир. Бирок кызым педагогдордон бул окуяны мага айтпоону сураныптыр. Алар анын себебин сурашканда “апаңа айтпа, эгерде айтсаң мени милициялар камашат, ал жактан чыгып келгенде апаңды өлтүрөм, деп атам мени коркуткан” деп жооп бериптир. Көп өтпөй жолдошумдун айыбы ачылып, кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Ушул жылдын 16-мартында сот отуруму болду», - деди жабырлануучунун апасы.

Сот К.К. кем акылынын кесепетинен өзүнүн аракеттерине жооп бере албагандыгы сотто ачылган жагдайлар боюнча жана комиссиялык стационардык соттук-психиатриалык экспертизанын кортундусу менен далилденгендиктен, ага карата козголгон кылмыш ишин Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кыскартууну жана анын кылган аракеттери коомго коркунуч келтиргендиктен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 91-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, ага күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштырууну туура деп таап, айыпталуучунун өкүмүн угузган.

«Жолдошум экөөбүз 9 жыл бирге жашап, эки балалуу болгонбуз. Бул убакыт аралыгында мен жолдошумдун кем акыл оорусу менен жабыркап жүргөндүгүн көргөн эмесмин. Оорубай эле жакшы жүрчү. Жолдошум камакка алынып, соту болордо К.К. кем акылынан жабыркайт деген соттук-психиатриалык экспертизанын кортундусу чыгып келди», - деди ал.

Комиссиялык стационардык соттук-психиатриялык экспертизанын ушул жылдын 12-февралындагы кортундусуна караганда, К.К. кем акылынын кесепетинен өзүнүн аракеттерине жооп бере албагандыгы, анын оорусу төрөлгөн учурдан башталып бүгүнкү күнгө чейин уланып келгендиги, ал кылмыш окуясы болгон учурда жана азыркы убакта дагы өзүнүн аракеттерине жооп бере албагандыгы көрсөтүлгөн жана ага күчөтүлгөн тартипте медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуп, дарылатууга муктаж экендиги белгиленген.

«Жолдошумдун үстүнөн козголгон кылмыш иши кыскартылып, Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасына жайгаштыруу боюнча соттун токтому кабыл алынды», - деди ал.

Аталган токтомго нааразы болгон жабырлануучунун апасы аппелляциялык тартипте 10 сутканын ичинде Ат-Башы райондук соту аркылуу Нарын облустук сотко даттануу укугун пайдаланып, кайрыларын кошумчалады.

«Мен болгону акыйкат чечимдин чыгышын каалайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×