Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Ат-Башыда түтүкчөлөр орнотулбай, саркынды суу менен таза суу аралашып кетүү коркунучу жаралууда

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдө саркынды суу агуучу түтүкчөлөр орнотулган эмес. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар өз билемдик менен үйлөрүнө жакын жерлерде, таза суу чыккан түтүкчөлөрдүн жанында септиктерди куруп алышкан, деп билдирди Мамэкотехинспекция.

Адистердин айтымында, тургундар колдонгондон кийинки кир суу таза сууга барып кошулушу толук мүмкүн. Себеби, эки кабаттуу турак үйдөгү батирдин биринде дагы саркынды чыгаруучу түтүкчөлөр орнотулган эмес. Учурда үйдүн жанында курулган септиктен жагымсыз жыт чыгып, жашоочуларга ыңгайсыз абал жаралып жатат. Ошондой эле септиктин жанындагы кудуктан чыккан таза сууну колдонгондордун өмүрүнө чоң коркунуч жаралууда.

Коопсуздукту камсыздоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында Мамэкотехинспекциянын Нарын облустук башкармалыгы тарабынан атайын текшерүү жүргүзүлүп, кооптуу абал тастыкталды. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тез аранын ичинде септикти жабуу талабы коюлду. Ошондой эле, кооптуу абалды жөнгө салуу менен маселени чечүү жолдорун кароо сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 665
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×