Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.03.2018 13:07 На русском

Видео, фото — Ак-талаалыктардын айрымдары Н.Молдокадыровдун аким болушуна нааразы

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айрым жергиликтүү тургундары Нарын шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыровдун Ак-Талаанын башчысы болуп дайындалышына нааразы, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кечээ, 27-мартта облус башчысы Аманбай Кайыпов Ак-Талаанын башчылыгына жаңы дайындалган аким Нурбек Молдокадыровду эмгек жамааты менен тааныштырган. Эмгек жамаат менен тааныштыруу иш-чарасына катышкан жергиликтүү тургундар башчылыкка бычакка сап боло турчу, иштеп бере турган азаматтардан дайындалбай, Жогорку Кеңештеги дагы бир партиянын камчысын чаап жүргөн адамын отургузуп коюшкандыгын билдиришти.

«Мурунку акимди ротация деп кетирдиңиздер. Ал кетери менен эле башка акимди дайындап берсеңиздер унчукпай калат элек. Бир жарым ай мурун өзүбүздүн эки атуулубузга тең сунуш бердиңиз. Бирок эки айга чукул аким дайындалбай, эки ай бою саясатташтырып отуруп, 18-март күнү Нурбек Молдокадыровго сунуш берип коюптурсуз. Бул өткөндө бизге келип кеткен депутаттардын партиясынын саясаты болуп калды. Демек алар бизди байкаганга келишкен экен. Мына ошондон туптуура бир жума өтөрү менен дайындап жатасыздар», - деп билдиришти тургундар.

Андан соң нааразы болгондор бир катар талаптарын коёшту. Алар жаңы келген аким бир партиянын жана өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштебей, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөсүн, азыркы учурда орун басарлыкта иштеп жаткан кызматкерлер менен биргеликте иш алып баруусун айтышты.

«Акимдин орун басарлыгы кызматынан кеткен Ж.Мамбетованын ордуна биз дагы өзүбүздүн кызыбызды сунуштайбыз, ага азыркы келген аким да өз сунушун берип, акимдин орун басарлыгына дайындап берүүнү талап кылабыз. Эгерде талаптарыбыз аткарылбаса, жаңы келген акимдин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербейбиз», - деп билдиришти тургундар.

Ал эми нааразы болгон тургундарга облус башчысы Аманбай Кайыпов мындай болорун өзү дагы күтпөгөндүгүн айтып, ынтымакка чакырык таштаганы менен Н.Молдокадыровго кандай себеп менен жана кимдин көрсөтмөсү менен сунуш бергендигин ачыктаган жок.

26-мартта Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков кол койгон.

Ал буга чейин Нарын шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеп турган.

Молдокадыров Нурбек Асыранкулович 1977-жылы 17-августта туулган. Буга чейин шаардык кеңештин эки жолку депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×