Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Бирлик айылында заманбап ФАП кызмат кылып баштады (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айыл аймагындагы Бирлик айылында жаңы курулган фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков, Түркиянын премьер-министринин алдындагы Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин директорунун орун басары Мехмет Сюррея Эр, ТИКАнын Бишкектеги кеңсесинин координатору Али Муслу, Ат-Башы районунун акиминин орун басарлары Жумагул Тентимишов, Ажар Дюшеналиева жана айыл тургундары катышты, деп маалымдайт кабарчы.

ТИКАнын каржылоосунда 2 миллион 228 миң 200 сом акча каражаты бөлүнүп, кыска убакыттын ичинде заманбап үлгүдөгү ФАПтын имараты бүткөрүлгөн. Аземде сүйлөгөндөр куттуктоо сөздөрүн айтышып, имараттын бүткөрүлүшүнө жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирүү менен ден соолуктун камкордугуна кызмат кылган жай болсун деп ак баталарын беришти.

Өз кезегинде түрк боордоштор мындай жардам улантыларын убада кылышты. Меймандарга мектеп окуучулары чакан программада концерт тартуулап, эки элдин ырлары жана бийлери жаңырды.

Ошондой эле ТИКАнын каржылоосу менен Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Эмгек-Талаа айылында жаңы курулган ФАПтын имараты пайдаланууга берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2304
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×