Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.03.2018 18:15

Баетовдук Р.Шыгаев Жогорку Кеңештин төрагасынын Ак-Талаа району боюнча кеңешчиси болуп дайындалды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, аксакал Рысбек Шыгаев Жогорку Кеңештин төрагасынын Ак-Талаа району боюнча коомдук кеңешчиси болуп дайындалгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 20-март күнү ЖКтин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү районго иш сапары менен келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөргөн. Анда райондон коомдук кеңешчи жок экендигин, анын кесепетинен райондун бир топ көйгөйлөрү көмүскөдө калып, чечилбей жаткандыгын аксакалдар билдирип чыгышты. Өз кезегинде төрага Д.Жумабеков Р.Шыгаевди өзүнө район боюнча коомдук кеңешчиси кылып дайындарын жана борборго чакырып, күбөлүгүн берип, бирге иштешерин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×