Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 17.03.2018 11:06

Нарында дайынсыз жоголгон Азимди жакындары 7 жылдан бери издеп келишет (фото)

Turmush -  Нарын шаарында дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азимди жакындары 7 жылдан бери издеп келишет.

Нарын ШИИБдин маалыматына караганда, Нарын шаарынын тургуну Сайкал Курманакунова уулу Асанкул уулу Азим (документ боюнча Конокбай уулу Азим) 2011-жылдын 8-январында кечки саат 19:30дар чамасында Ленин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, кайра кайтып келбегендигин билдирип, милиция кызматкерлерине кайрылган.

Азим 1995-жылы 20-августта төрөлгөн.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, чачы кара, кулактары чоң, башынын сол каракуш жагында узундугу 3 см болгон тырыгы бар. Классташтары жана достору аны Асанкул уулу Азим деп билгендиктен, өзү дагы ушул фамилияны айтышы мүмкүн.

Азимди көрүп-билгендер 0352-25-18-04, 0705-81-70-75, 0777-27-60-03 байланыш номурларына кайрыла алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×