Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 13.03.2018 10:32

Форум: Нарында өткөн жылы 9 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган (фото)

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 12-мартта Нарын ОИИБ тарабынан «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда. Балдар биздин келечегибиз. Кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аталышындагы форум болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган форумга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Форумда эки маселе — биринчисинде жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын, өзүн өзү өлтүрүү, окуучулардын арасында опузалап акча талап кылуу, эрте никеге туруу, өспүрүмдөр аралашкан жол кырсыктарын алдын алуу, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасындагы диний экстремизмге каршы-күрөшүү боюнча маселе каралды. Экинчисинде аталган маселелер боюнча резолюцияны кабыл алуу каралды.

Нарын ОИИБдин башчысы Уланбек Аалиев Нарын облусунун аймагындагы өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштар боюнча жалпы маалымат берди. Анын айтымында, 2017-жылы Нарын облусу боюнча жалпы 339 жашы жете элек өспүрүмдөр ар кандай тартип бузуулары үчүн каттоого алынган. Ушул жылы «Кароосуз калган өспүрүм», «Лидер», «Камкордук», «Зомбулук», «Мектеп рэкетине жол жок», «Өспүрүм жай», «Өспүрүм түн», «Кайырчы» аталышындагы жана 313 ар кандай ыкчам алдын алуу рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул аракеттерге карабастан 2017-жылы өспүрүмдөр тарабынан облус боюнча 32 кылмыш катталып, мурдагы жылга салыштармалуу бир кылмышка өскөн. Ал эми өспүрүмдөргө карата 33 кылмыш иши, бир үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ошондой эле 2017-жылы жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыюу боюнча 9 факты катталган.

Форумдун алкагында тийиштүү мекеме жетекчилери маалымат беришти жана форумда көтөрүлгөн маселелер боюнча талкуулар жүрдү. Форумдун жыйынтыгында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына, Нарын шаардык мэриясына, райондордогу мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарына жана Нарын облустук казыятына тийиштүү милдеттемелер берилди.

Форумдун аягында коомдук коопсуздукту камсыздоодо ИИМ менен тыгыз иштешкендер ардак грамоталар, медалдар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×